Ливиянын Злитен шаарындагы абактан 100гө чукул адам качып кетти. Бул тууралуу 15-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бийликтин берген маалыматына ылайык, качкан 92 адамдын 19у кармалган. Айрымдары каршылык көрсөткөндүктөн, ок чыгарууга туура келген. Натыйжада качкан адамдардын экөө жаракат алган. Күч органдары кылмышкерлердин жакын туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Абактан качууга күзөттүн чабалдыгы да себеп болду деген божомолдор бар.
Айрым маалыматтарга ылайык, камактагылар дарбазаны ачтыруу үчүн дарыгерди чакырышкан. Аларды куралсыз калтырып, топ болуп качышкан.
Башка билдирүүлөрдө абактагылардын ызы-чуусуна күзөтчүлөр туруштук бере албай, кылмышкерлер түрмөнүн дарбазасын сындырып чыгышканы айтылууда.
Аталган түрмөдө 220га жакын адам кармалат. Мындан сырткары 2014-жылы февраль айында 50дөй адам борбордогу түрмөдөн качып кетсе, 2013-жылы Бенгазидеги камактан миңден ашуун адам качкан.