Акыркы сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 17-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Бүгүн саат 03:32 чамасында Аламүдүн районунун Лебединовка айылында өрт кырсыгы катталып, тиричилик техникалары сакталган кампанын 350 чарчы метр чатыры, ичиндеги товарлары толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланып жатат. Кырсыктын себептери такталууда.