Акыркы сутка ичинде республика аймагында Куткаруу кызматы тарабынан 3 чыгуу болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Жайыл районундагы турак үйлөрдүн биринен үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен. Анда 70 жаштагы үй ээсинин жансыз денеси табылган. Учурда өлүк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, алар тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.