Кечээ, 16-февралда Ош аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен Ош-Москва каттамы боюнча жасалма документ менен мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылып жаткан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1988-жылы туулган К.Ч. аттуу жаран тууганына тиешелүү документ менен республиканын сыртына чыгууга аракет кылган.
Азыркы тапта керектүү документтер чара көрүү үчүн УКМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.