Ошто 6 адамдан турган террордук топ кармалды

Ош шаарында 6 адамдан турган террордук топ кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, алардын төртөө Сириядагы согушка катышып келгендер, экөө жергиликтүү криминалдык топтун мүчөлөрү. "Алар Кыргызстандын аймагында террордук акцияларды уюштуруу ниетинде жүрүшкөн",- деп билдирди УКМК. Мекеме төмөнкү маалыматтарды кошумчалайт:

“Кармалган топ курал-жарак жана атайын каражаттарды топтоп алып, Бишкек жана Ош шаарларында атайын террордук багыттагы акцияларды уюштурууну белгилеп жатышкан. Колунда бар адамдарды тоноого пландарды түзүшкөн. Алардын аракеттери адам өмүрлөрүнө коркунуч туудурганына байланыштуу кылмыштуу топту алдын ала кармоого туура келген. Операциянын жыйынтыгында тинтүү иштери өткөзүлүп, кармалгандардын автоунааларынан колго жасалган мылтык, ок атууга ылайыкталып жасалган газ тапанчасы, ок, чүмбөт жана скотч табылды.

Кармалгандар учурда Ош шаарындагы Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында”.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
alim
2014-02-17 12:27:27
Азыр баары жапырт Бакиевдер күнөөлүү деп башташат.Сириядан Жаныш Бакиев даярдап жөнөтүп жатат.
0
Alai_kyzy
2014-02-17 12:32:59
alim, Ха ха))). Кылгылыкты кылып эле Бакиевтер дей беришет ээ?
0
Dodon
2014-02-17 21:32:58
Alai_kyzy, даааа ушинтип айтып чыгыштанда уялбайт булар .беттеле калбады окшойт.бирок милиция кызматкерлериге рахмат айтыш керек ыкчам иштегени учун
-1
infiniti
2014-02-17 18:13:39
alim, туура. Ичкен кутулат,жалаган тутулат дегендей да. Суйлошсо,тим эле асмандагы айды алышат. А так,колдорунан б.. келбейт.
-1
boztalaa
2014-02-17 21:14:51
alim, ха ха ха Бакиевчилерго
-1
activem
2014-02-17 12:39:38
Мына мусулмандардан ушундай эле проблемалар болот.
-3
idiris
2014-02-17 13:54:06
activem, кичине ойлонуп жазсан болчудай экен.
+1
acer11
2014-02-17 12:55:32
Негизи акыркы ушундай уюшулган кылмышты кармаганына ишенбей калдым калп эле элди алдагандай корунуш укук коргочулар. Озу кыргызстанда кармадык дейт кармаганы билинбейт.
-1
Dodon
2014-02-17 21:35:15
acer11, сен отуруп алып коммент жазып койо бересин .тиги жакта сени коргоймун деп мекен сакчылары жанын берип жатышат.сен озун бир жакшылык кылдынбы оз мекенине
+1
Patron
2014-02-17 13:21:57
буларды эки уч кундон кийин бошотушат.Нарын шаарында жардыргыч зат менен кармалган адам бошонуп чыгып, подстанцияда начальник болуп иштеп жатат.
0
baxa-kaman
2014-02-17 13:51:28
Буга окшогон коптогон кылмышкерлер Кыргызстанда кармалып же кармоо учурунда жок кылынып турат, айрыкча Улуттук коопсуздук кызматы менен, Ички ичтер министирлиги биргеликте жакшы иш аракеттерди алып барышууда.
+2
baxa-kaman
2014-02-17 14:13:30
Буга окшогон коптогон кылмышкерлер Кыргызстанда кармалып же кармоо учурунда жок кылынып турат, айрыкча Улуттук коопсуздук кызматы менен, Ички иштер министирлиги биргеликте жакшы иш аракеттерди алып барышууда
0
Bodibilding
2014-02-17 14:55:23
Баарын кудаа озу жазасын берсин бул кылмышкерлерди жок кылуу керек.
+2
uran001
2014-02-17 19:06:39
Баарын жардырып салыш керек эле,бизге багынып бербеди эле деп.
+1
hakker_a
2014-02-17 19:39:55
Бул эмне деген террорчулук. Балким элдин арасында дагы ушундай адамдар бар болуусу толук ыктымал. УКМКнын ишине ийгилик ушундай террорлордун алдын ала кармаганы учун.
+1
maks83
2014-02-17 20:26:18
буларды атып салыш керек болчу откондогудой эле эми чыгып кетишет да
+1
sezim1111
2014-02-17 23:22:23
ушу сириянын согушу жаман проблема болдуда бизге. сирияга согушка барса акчаны жакшы толойт имиш анан дааватка баргандай сооп болот имиш олуп калса шейит кетти дейт экен. булар да ушул создорду агитация кылып журсо керекда.
0
primus
2014-02-18 00:50:40
Бул топ менимче июнь окуясындагы террорчулар болушу мумкун.алардын айтымында Сирияда машыгып,курал атып келген экен.ким билет согуш Сирияда болгондуктан ошол жерде болдук деп коюштубу. буларга окшогондорду тезинен кармабаса кыргыз элине коркунуч жаратышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан