Бүгүн эртең менен саат 09:41 чамасында Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөөнүн очогу кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде катталып, зилзала Ош облусунун Тепе-Коргон, Жаңы-Кыштак, Араван, Нариман айылдарында байкалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.