“Тамашоу” курама командасы бүгүн, 17-февралда эл аралык КВН мелдешинин Биринчи Лигасына катышуу үчүн Тольятти шаарына жөнөп кетет. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда “Тамашоунун” негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын намысын коргоп келүү үчүн аттанып жаткан курамга онго жакын “тамашоучу” кирген.
Кошумчалай кетсек, бул жолу Тольятти шаарында өтө турган жарым чейрек финалга 5 мамлекеттен 28 команда катышат. 2002-жылдан тарта кенже Александр Масляков алып барып келген Биринчи Лиганы 2012-жылы кыргызстандык “Азия mix” командасы утуп алса, 2013-жылдагы чемпиондук наам Самара шаарынын “Радио Свобода, Ярославль жана САМАРА” командасына буюрган.