Москвада кыргыз акындарынын чыгармачыл кечеси өттү

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде кыргыз акындары Бурулкан Карагулова менен Жыпар Акунованын адабий кечеси өттү. Бул тууралуу 17-февралда элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акындар Орусияда иштеп жүргөн мекендештери кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн келишкен. 

Алар “Кыздар, ай” ырлар жыйнагы тууралуу айтып беришти. Китепке 50 автордун ыры киргизилсе, алардын жетөөсү Орусиянын аймагында иштейт. Жолугушуу учурунда акындар ырларын окуп, чыгармачылыкка жакын болгон эмгек мигранттары менен жакындан тааныша алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан