Ырчы Съездбек Искеналиевдин “Эске түшөт” аттуу чыгармасына клип тартылды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, сөзү Түмөнбай Байзаковго, обону Съездбек Искеналиевге таандык ыр “5000 сом” тасмасынын саундтреги болуп саналат. Аталган тасманын жакында жарыкка чыгары белгилүү болду. Клипте тасма тартуу маалындагы кызыктар жана тасмадан айрым кадрлар көрсөтүлгөн.