Сокулук районунда бычак менен коркутуп, 17 миң сом уурдаган жаран кармалды

Сокулук районунда 17 миң сом уурдаган 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. 2012-жылдын октябрь айынын соңунда Чүй облусунун тургуну, 18 жаштагы кыздын үйүнө белгисиз 3 адам кирип, бычак менен коркутуп, 17 миң сомун жана уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң аталган кылмышка шектүү делип 3 адамдын бири кармалып, учурда сурак берүүдө. Ал эми калган 2 адам издөөдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан