“Бүгүн, 17-февралда саат 15:30 чамасында Бишкек шаарындагы №5-компьютердик гимназияда электр зымдарынын тийишип калуусунан өрт пайда болду”,- деп SUPER.KG порталына Өрт кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Өрт кызматына окуу жайдагы кырсык боюнча кабар келгенден соң кызматкерлер 6 мүнөттө келишти. Алар жеткенче мугалимдер окуучуларды сыртка чыгарып, өрттү өчүрүштү.
Кырсыктан жаракат алгандар жок. Окуу жайда бир нече убакытка электр жарыгы өчүрүлдү.