Баткен облусунда студенттерден куралган кылмыштуу топ кармалды

Баткен облусунда студенттерден куралган кылмыштуу топ кармалды. Алар Ош технологиялык университетинин студенттери болушкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандар январь-февраль айларында болгон бир катар кылмыштарга шектелип жатышат.

- Январь айында Кадамжай шаарындагы Шаршара аймагындагы жүк сактоочу кампадан баасы 19 миң долларлык шоколаддар уурдалган;

- 12-январдан 13-январга караган түнү Кадамжай районунун Халмион айылынын тургуну Диярбек Рустамовдун үйүнүн жанында жайгашкан контейнеринен 12 500 сомдук момпосуй жана ошол эле түнү Халмион айылынын тургуну Улукбектин үйүнөн 90 миң сомдук кездеме уурдалган.

- 4-февралдан 5-февралга караган түнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы №11-үйдүн кампасынан жалпы суммасы 100 миң сомдук 10 даана сыналгы уурдалган.

Учурда жогорудагы уурулук фактыларына шектелип Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын 21 жаштагы тургуну Т.Б., Кара-Суу районунун Савай айылынын 19 жаштагы тургундары П.М. жана К.Т., Кызыл-Кыя шаарынын 20 жаштагы тургуну М.А. кармалды. Алар уурулуктан түшкөн акча каражаттарына эки даана Хонда Фит унаасын сатып алышкан.

Бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
simple_boy
2014-02-17 19:15:37
кудай сактаа
0
max90
2014-02-17 19:25:48
Ууру узака узабайт деген ошол да.
0
maks83
2014-02-17 19:26:02
эми жооп берет да же .......
0
ms.zayka
2014-02-18 01:35:52
Je bowotup iet,mentterdin oozun maylawsa..
0
uran001
2014-02-17 19:26:21
Ушулардын жарымын кылсада калганын мойнуна илип койсо керек.
0
bazar
2014-02-17 20:36:23
uran001, борvнvн (карышкырдын) оозу жесе да кан, жебесе да кан. Жарымын кылдыбы, баарын кылдыбы айырмасы жок. Уурулук кылганы чындык болсо, анда арга жок эми...
+1
Feride07
2014-02-18 10:38:23
uran001,Мен деле жарымына ишенсем жарымына ишенген жокмун.УУрдаткандар жалан бай озбек туугандар окшойт,аттарынын жазылышына караганда.Уурулук кылгандар деле жон жеринен байларга кол салышпагандыр.19мин доллардын жарымын алышса деле,мынча долларлык болчу деп кошуп кое беришет.Уйлорундо жатып кандай билбей калышат,же уурулар шырп алдырбаган профессионалдар бекен?
0
Bodibilding
2014-02-17 20:34:18
Кынгыр иш кырк жылдан кийин болсода билинет.
0
boztalaa
2014-02-17 20:45:33
Жакшы шириндик урдаптыр
-1
boston___
2014-02-18 00:53:08
оой тообо кадамжайдын баарын тоношконгоо
0
Leo_timka_93
2014-02-18 00:58:35
"Адам учун эн кыйын ар куну адам болуу" Ч.Айтматов
0
Sharipa-asia
2014-02-18 01:02:29
Тообо кандай жашоо болуп калган
0
Jamalym
2014-02-18 03:25:38
Уяты жоктор!Ата-эненерди ойлободунарбы?!
0
bek007
2014-02-18 07:31:52
19 миңден кийин чыкпай турсаңар болмок экен))
0
pakistanka
2014-02-18 15:34:56
iwengen jokmun bularga jon ele ilip koyso kerek go deym. 19 min dollarlik wokolad kantip uurdaldi desen.
0
oops
2014-02-18 15:56:00
Salamatsyzdarby bul jonundo keniri ayta ketsem kyzyl kiya shaarynyn turgunu m.a ny potstava kylyshkan berki baldar m.a oshol baldar menen chogu jashagan al bala ech kanday kylmyshka shektuu emes.
0
alatookg312
2014-02-18 22:52:33
ачка студент олбойт ак ийилет бирок сынбайт негизи тамаша чын чынына келгенде баардык еле студенттер иш таап кете бербейт баардыгы еле он жол менен кете бербейт мындай болуп тура турган иш Ташиевдин баласы эмне болду ошону билеин дегем ал да студентбеле
0
alchyn94
2014-02-24 11:44:41
Азыр кырк жылда эмес кырк кунго жетпей билинет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан