Ырчы Бегимай Бекбоева репертуарындагы “Элесиң” аттуу чыгармасына клип тарттырды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
“Клипти өткөн жылы жаз айларында баштап, жакында гана аягына чыгардык. Анда убакыттын өткөнүн жаап жаткан жаан аркылуу көрсөтөлү дегенбиз. Бирок мен гастролго кетип калып, жаандын ордуна кар тарттык. Режиссёрлук милдетти бир тууган сиңдим Айнура аркалады. 2014-жылдын эсебинен биринчи, жалпысынан жетинчи клибим. Быйыл сапаттуу клиптерди тартып, чыгармачылыкка өзүмдү толук арноону чечтим”,- дейт ырчы.
Ошондой эле “Элесиң” деген чыгарма өзбекчеден которулуп, текстин Дайыр Исмадияров жазганын кошумчалады.