Бир аптада маңзатты мыйзамсыз сактоо боюнча 8 факт катталып, 2 килограммдан ашык героин алынды  

Бир апта аралыгында баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо боюнча 8 факт аныкталып, 2 килограммдан ашык героин алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 9-февралдан 15-февралга чейин жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 7 кылмышка шектүү кармалган. Аларды кармоо учурунда жанынан чоң көлөмдөгү баңгизаты табылган.  

15-февралда Бишкек шаарынан 44 жаштагы КРнын жараны кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан 1 килограмм 977 грамм героин табылган. Табылган баңгизат Орусияга жөнөтүлмөк. Эксперттердин баамында, ал 1,5 миллион сом болмок. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ulik82
2014-02-17 19:50:57
бул билинип кармалып калганы.билинбей канчалаган бангилер отот.крыша менен.
0
AZIK01
2014-02-17 22:44:25
Шапкасын ката жазыптырго кабарчы братан.
0
Tynar89
2014-02-17 22:52:24
Манзаттыбы же бангизаттыбы (?)
0
admin_superstan
2014-02-18 11:19:12
AZIK01, Tynar89,
Саламатсыздарбы! Маңзат менен баңгизат синоним сөздөр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан