"Бишкекте электр энергияны массалык түрдө өчүрүү болгон жок". Бул пикирди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр айрым ММКлар туура эмес маалымат таратып жатат. "Азыр ММКларда "өлкөдө 800 миң киши жарыксыз калды" деген маалыматтар айтылып жатат. Бул туура эмес. Авариялык өчүрүүлөр гана болуп жатат" деди премьер-министр. Анын айтымында, мындан ары өтө маанилүү эмес ишканаларда электр жарыгына чектөө киргизилет.