Балыкчыда баласы энесин балта менен башка чаап өлтүрдү 

Балыкчыда баласы энесин балта менен өлтүрүп салды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ саат 09:30да Шаардык ички иштер башкармалыгына 75 жаштагы К.Надежданын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери маркумдун башындагы жаракатты көрүп, анын оор буюмдун соккусунан улам көз жумганын аныкташкан. 
Кылмышка шектелип анын 49 жаштагы уулу К.Анатолий кармалган. Буга чейин соттолгон баласы энесин балта менен уруп өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал энеси пенсия алып, ичимдик үчүн уулуна акча бербегенин жана ачууга алдырып балта менен чаап салганын айткан. 
Өлтүрүп алганын түшүнгөн соң изин жашырган. Үйдү тинтүү учурунда 96 грамм баңгизаты, Калашников автоматы жана Ф-1 гранатасы табылган. Ага карата кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
zilish_kg
2014-02-18 10:46:35
Акмак
0
admin_superstan
2014-02-18 10:54:59
zilish_kg, эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
tokmok.93
2014-02-18 10:48:24
мындай адамдарга сот жок сразу эле Атып ташташ керек
0
emin
2014-02-18 23:02:39
tokmok.93, tuura aitasyn
0
Shai
2014-02-18 14:12:22
Мына сага десе ошол баланы 9 ай ичинде которун кандай умуттор менен чонойтконун ойлоп отурам. Аттин оз баласынын колунан ажал тапкан ата-энелер. Кудай инсандарга инсап канаат бере кор.
+1
serche
2014-02-18 15:28:48
Акыл-эсин аракка алдырган маңкурт да...
0
sterva
2014-02-18 15:35:05
Как всегда орустар и как всегда арактын кесепети
0
pakistanka
2014-02-18 15:37:10
sterva tuura dayima ele orustar uwunday jolgo bariwat...
0
bakay93ka
2014-02-18 20:24:13
атасын же апасын олтургон баласын озуна коргошун куйуш керек
0
Chika78
2014-02-18 21:00:22
Мындай манкуртка эки дуйнодо орун жок.Кудай озу жазаласын.
0
bek-93
2014-02-18 21:53:30
Кудай сакта, Ата-Энесин бир коргонго зар болуп жургондор канча..
0
sezim1111
2014-02-18 22:08:08
кудай сактасын...
0
arisbekov
2014-02-18 22:13:39
Энесинин ак сутун актабаган акмак сага олумдон башка жаза жок
0
USAROV
2014-02-19 15:29:37
Жараткан кудай баарыбызга ыйман берсин.
0
alchyn94
2014-02-24 11:41:33
Эми жазасын корсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан