"25-ноябрда өткөн жергиликтүү шайлоого бөлүнгөн акчанын 46 миллион сому үнөмдөлдү". Мындай маалыматты бүгүн, 19-декабрда БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. “Жергиликтүү шайлоого 168 миллион сом бөлүнгөн. Бул сумманын 46 миллион сомун биз үнөмдөй алдык. Ошондой эле акыркы президенттик шайлоодо да 178 миллион сом үнөмдөгөнбүз. Анда шайлоого деп 408 миллион сом бөлүнүп берилген” деди Туйгунаалы Абдраимов.