Түштүк Кореяда курорттук комплекстин имараты урап, 8 адам каза тапты

17-февралга карата маалыматтарга ылайык, Түштүк Кореяда курорттук комплекстин имараты урап, 8 адам набыт болду. Мындан сырткары урандылардын алдында 50гө жакын адамдын бар экени белгилүү болгон. Жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынын маалыматында 73 адамдын жаракат алганы жана алардын 15инин абалы оор экени көрсөтүлгөн. Куткаруу иштерине 300дөй кызматкер тартылган. Алардын жумушуна кардын жаашы тоскоолдуктарды жаратууда.

"Mauna Ocean Resort" комплексинин имаратында студенттердин катышуусунда майрамдык кече өтүп жаткан. Алдын ала божомолдорго караганда, майрамдык кечеге 450 адам катышып, имаратта 100 адам, жалпысынан курортто 1000 студент болгондугу айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан