Мас адамдар менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы мушташты токтотуу максатында ок атылды

Бишкектин Аска-Таш жаңы конушунда айдоочунун мас туугандары менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы мушташты токтотуу максатында асманга ок чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Месарош-Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобустун мас айдоочусу Жол-кайгуул кызматынын инспекторлорунун буйругуна токтогон эмес. Ал туугандарынын үйүн көздөй жөнөгөндө инспекторлор айдоочуну кармоого аракет кылышкан. Кармоо учурунда анын мас абалдагы 15-20дай тууганы милиция кызматкерлерин уруп, аларга тоскоолдук көрсөтө башташкан. Чоң мушташтын алдын алуу максатында милиция кызматкери асманга ок чыгарган.

Учурда окуянын катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zamir.79
2014-02-18 13:28:51
Анча ок чыгарбасанар бугун да бир ГАИшнигинердин бети туздолмок экен да.
+1
Aviator
2014-02-18 13:40:51
туздогондон кийин чыгарса керек
0
kanybek_kg
2014-02-18 13:47:15
маданятсыз эн акылы аз адамдарбыз кыргыздар уят
+1
maks83
2014-02-18 20:24:32
биздеги гаи лерге бир чети сооп дегенге аргасызбыз акчаны обу жок алат айрыкча нарында ар бир айдоочуга камера берсе болгон гаи бошомок
0
mers19
2014-02-19 02:22:21
maks83. ал озундон да. эреже бузбасан неге акча бермек элен.
0
alchyn94
2014-02-24 11:39:12
мас абалда рольго отурбаш керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан