Кыргызстан Сан-Францискодо өтүп жаткан азем белектердин эл аралык жарманкесинде өзүнүн улуттук маданиятын чагылдырган буюм-тайымдарды көргөзмөгө койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жарманкеде кыргыз буюмдарын боз үй жасоо боюнча чебер Бейшенбек Жумашалиев тааныштырууда. Кыргыз чеберинин бул иш-чарага катышуусуна аталган министрлик менен Кыргызстандын АКШдагы элчилиги колдоо көрсөтүшкөн. 15-февралда башталган иш-чара бүгүн, 18-февралда жыйынтыкталат.