Өзгөн райондук казына башкармалыгынын өкүлдөрү 304 миң сом акчаны жасалма документтер менен башка бирөөлөрдүн атына которуп жиберишкен

Өзгөн райондук казына башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери 304 миң 600 сом акчаны жасалма документтерди толтуруу менен мыйзамсыз коротуп жиберишкен. Бул тууралуу 19-декабрда КРнын Башкы прокуратурасы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган райондун Көлдүк айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатынын  арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Белгилүү болгондой, аталган райондун казына башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери 97 миң сом акчаны Көлдүк айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин айлык акысы деп жасалма документтин негизинде бир жеке ишкердин наамына которуп жиберген. Ушундай эле жол менен 207 миң 600 сом мугалимдердин айлыгы катары бөлүнүп, башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кеткен. Бул факты боюнча учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан