Аламүдүн районунда жылкы уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-февраль түнү Мраморное айылынын 59 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анда ал короодо байланып турган атын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин айткан.
Жогорудагы кылмышка шектелип изи сууй электе 3 адам кармалган. Алар Ош жана Баткен облустарынын тургундары болгон. Өз күнөөлөрүн моюндарына алышып, уурдалган атты ээсине кайтарып беришкен. Учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.