Унаа оңдоочу жайга таштап кеткен Ауди 100 унаасын аталган жайдын кызматкери сатып жиберген. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Пригородное айылынын 26 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал бир канча күн мурун унаа оңдоочу жайга Ауди 100 үлгүсүндөгү унаасын оңдоо үчүн таштап кеткенин айткан. Кийин аталган жайдын мастери унааны сатып, өзү качып кеткендиги белгилүү болгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургуну Каныбек кармалган. Ал мурда да сот жообуна тартылган. Учурда анын үстүнөн “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.