Бактыбек Калмаматов: "Өкмөттө "баягы-баягы, койчумандын таягы" деген саясат жүрүп жатат"

"Учурда өкмөттө "баягы-баягы, койчумандын таягы" деген саясат жүрүп жатат". Бул тууралуу депутат Бактыбек Калмаматов ЖКнын бүгүнкү, 14-декабрдагы жыйынында газ, свет маселесин талкуулоо маалында билдирди. Депутат премьер-министрге кайрылып, учурдагы энергетикадагы оор кырдаал боюнча кайсы жетекчиге сөгүш жарыялаганын сурады. Жантөрө Сатыбалдиев "кыш жаңы эле башталды, ошондуктан кайсы бир жетекчини кызматтан алып койгондо болбойт. Бирок өлкөдөгү бардык мекеме жетекчилерине эскертүү берилген" деди. Бактыбек Калмаматов "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси менен Энергетика жана өнөр жай министри жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирип, "кыш жаңы эле башталды деп отура берсек, алдыдагы кыш айлары мындан да оор болушу мүмкүн" деди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан