Акыркы сутка ичинде Чүй облусунда аялын сабоо боюнча 4 факты катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок шаарында жаш жубайлардын ортосунда уруш чыккан. Мындан улам күйөөсү аялын катуу сабап салган. Натыйжада 20 жаштагы келин ооруканага жаткырылган.
Ушундай эле факт Жайыл районунда да катталган. Анда 37 жаштагы күйөөсү 34 жаштагы аялын сабап салган. Учурда жабырлануучу ооруканада.