Кыргызстандык аткезчилер Казакстандын чек арачылары тарабынан кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары бүгүн, 18-февралда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 17-февралдан 18-февралга караган түнү 6 адам аткезчилик жол менен Казакстанга керектөө товарларын өткөзүүгө аракет кылышкан. Аларды Казакстандын чек арачылары байкап калышып, эскертүү үчүн ок чыгарышкан. Бул учурда аткезчилердин экөө кармалып, төртөө качып кетүүгө үлгүргөн.