Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасында болгон козголоң боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, 17-февраль күнү саат 10:00 чамасында оперативдүү топ Заур Магомедов жаткан №1-палата кирген. Тинтүүнүн жүрүшүндө бөлмөдөн 20 грамм баңгизаты, бир канча сим-карталар табылган. Андан соң ошол палатада жаткан бейтапты текшерүүгө алышканда ал каршы болуп, ооруканада жаткандарды козголоң чыгарууга чакырган. Мындан улам аталган мекемедеги бардык бейтаптар баш аламандык уюштурушуп, бир тергөөчүнү жана 3 медицина кызматкерин барымтага алышкан.
Барымтада калгандарды куткаруу үчүн ИИМдин Тез чара көрүүчү атайын отряды тартылган. Алар тарабынан асманга 3 жолу ок атылып, козголоңчулар таратылган.
Учурда Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан “ээнбаштык”, “тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Массалык ээнбаштыктын натыйжасында 6 милиция, 3 медицина кызматкери жаракат алып, аталган мекеме 15 миң сомдук материалдык зыян тарткан. Учурда ал жакта абал туруктуу.
Эске сала кетсек, 9-февралда Боом капчыгайында белгисиз бирөөлөр бир милиция жана жол-кайгуул кызматкерин атып кетишкен. Натыйжада бири каза болуп, экинчиси ооруканага жаткырылган. Ал эми кылмышкерлер окуя болгон жерден качып кетишкен. Кийинки күнү, тактап айтканда, 10-февралда жогорудагы кылмышка шектүүлөр Токтогул шаарынын чыга беришиндеги “Бабур” кафесинин жанында күч органдары тарабынан курчоого алынган. Бирок алар колго түшүп берүү талабына көнбөгөндүктөн, атып өлтүрүлгөн.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири 1986-жылы туулган Заур Магомедов болгон. Ал 2010-жылдан 2012-жылга чейин Казакстанда психиатриялык ооруканада дарыланган. Андан соң Кыргызстанга экстрадицияланып, Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасына жаткырылган. Экинчиси 1971-жылы туулган Бердимурат Арчаев болгон.