Америкалыктардын төрттөн бир бөлүгү (дээрлик 26 пайызы) Жер Күндүн огунда айланары тууралуу билишпейт. Бул тууралуу АКШнын Улуттук илимдер фондунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында билингенин чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сурамжылоонун жыйынтыгы америкалыктардын билим деңгээли тууралуу бир топ суроого жооп табылган. Анын ичинде АКШнын тургундарынын 48 пайызы эволюцияга, 39 пайызы Жер планетасы ири жарылуунун жыйынтыгында пайда болгонуна ишенишет.
Андан тышкары сурамжылоого катышкан жарандардын 90 пайызы билимге кызыгып, окуп келишет. Ал эми алардын 30 пайызы мамлекет билим жаатына көбүрөөк көңүл буруусу керектигин айтышкан.
Кошумчалай кетсек, АКШнын Улуттук илимдер фонду жыл сайын өлкө президентине жана Конгресстин мүчөлөрүнө отчёт даярдашат. Анда башкы максат мамлекет тарабынан мүмкүн болушунча илим-билимге көбүрөөк каражат бөлүнүүсүн шарттоо болуп эсептелет.