6 адамдан турган террордук топтун башчысы имамдын орун басары болуп чыкты

6 адамдан турган террордук топтун башчысы имамдын орун басары болуп чыкты. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы мечиттердин биринде иштечү. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 18-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы кылмышка шектүү буга чейин Сирияда 2 жыл, Сауд Арабияда 1,5 жыл билим алган. Анын үйүн тинтүү учурунда 22 диск, 3 уюлдук телефон, 12 сим-карта, 1 ноутбук, 55 китеп, 21 баракча табылган. Алардын баары экстремисттик маанайда экендиги аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, кечээ, 17-февралда УКМК маалымат тараткан. Анда Ош шаарында 6 адамдан турган террордук топ кармалганы айтылган. Алардын төртөө Сириядагы согушка катышып келгендер, экөө жергиликтүү криминалдык топтун мүчөлөрү экендиги аныкталган. Кармоо учурунда колго жасалган мылтык, ок атууга ылайыкталып жасалган газ тапанчасы, ок, чүмбөт жана скотч табылган. Кармалгандардын баары Ош шаарындагы Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
azat_sokrat
2014-02-18 18:08:49
омур бойуга кесип жибериш керек турмодо чирип олушсун мындайлар
+1
saysat
2014-02-18 18:19:39
Ошон учун ТС га кириш керек. Кытайлык, исламдык терористер менен сепаратистерге жем болобуз. Тиги жактан озбек менен тажик кууратып атат. Эртерээк ТС кируубуз керек. Баарынан да молдолордун азабы отту! Баарын тыйып, Россиядай бекем тартип орнотуу керек.
0
simple_boy
2014-02-18 18:37:52
sayasat тс кирунун кереги жок кирип алган казакстан деле нааразычылык акциясын жасап жататко пайдасы жок да
+4
abaychik
2014-02-19 17:33:09
simple_boy, кымбатчылык болот ТС га кирсек, а кымбатчылыктын элге кереги жок.
0
mirbakg
2014-02-18 18:42:44
Ошон учун айтылган экен да молдонун айтканын кыл кылганын кылба деп !! Молдолор ушул жолдо журсо !!
0
barsa1984
2014-02-18 18:43:28
Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы табылыптыр.......дечү беле..
+2
Kalmyrza
2014-02-18 21:15:02
Бардыгына эле эмне молдолор кунолу бекен бир нерсени жазганда да ойлонуп жазыш керек да
0
zamirbeka
2014-02-18 21:44:27
Имамдын орун басары ушул жолго барса калганыбыз эмне болобуз?окуп журот десе Сирияда согушта журсо
+1
arisbekov
2014-02-18 22:09:02
Имамдарга ыйман берсин аман эле болгула
0
aziatka0225
2014-02-18 22:50:12
Мамлекетибиз экинчи Авганистанга айланып калбаса болду..
+1
shejol
2014-02-18 23:07:58
ислам дининен тенирчиликке отуш керек го анда
-2
Ulik82
2014-02-19 00:13:13
shejol, бул жерде исламдын эч кандай куноосу жок.имамда сага мага окшогон пенде.пенде адашкан.кичинее ойлонуп жазыныз!!!
+1
abaychik
2014-02-19 17:34:42
shejol, Тообо де.
0
nur.ai
2014-02-18 23:36:02
Shejol. Cага Аллах ыйман берсин.
0
clever777
2014-02-19 15:14:34
Ислам динин бурмалап алгандар. Арабызда дагы канчасы журот. Аллах ар бирибизге ыйман эле берсин. Ушундай жаман жолго тушуп кетуудон сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан