Чүй облусунун Токмок шаарында мас айдоочуларга каршы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чаранын натыйжасында мас абалдагы 11 айдоочу кармалды. Мындан тышкары жол эрежесин бузуу фактысына ылайык, 30 унаа айып төлөнүүчү аянтка жеткирилди.