Израилде турак үйдөгү жардыруудан кеминде 5 адам набыт болду

17-февралга карата маалыматка ылайык, Израилдин Акко шаарындагы турак үйдөгү жардыруудан кеминде 5 адам набыт болуп, 10 адам жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Каза болгондор жана жаракат алгандар израилдик арабдар менен 3 кабаттуу үйдө жашап турушкан. Алдын ала божомолдорго караганда, жардыруу ашканадагы газ баллондун айынан келип чыккан. Бирок "террордук чабуул болушу мүмкүн" деген версия да айтылууда. 

Тергөөнүн жүрүшүндө үйдө жашагандар имаратка орнотулган спутник антеннасынын айынан чырдашып келишкени белгилүү болгон. Акко шаары ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргендиктен, үйлөрдүн чатырына антенна коюуга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан