Бишкекте бүгүн, 19-февралда Мамлекеттик тарых музейинде Эл аралык эне тил күнүнө карата “Ар бир элдин тили – адамзаттын жалпы рухий кенчи” аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы элдердин ассамблеясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз жеринде жашаган улуттардын тилдеринде басылып чыккан китептер көргөзмөсү жана концерттик программа тартууланат. Фестивалды Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Кыргызстандагы элдердин ассамблеясы уюштуруп жатат.