18-декабрь күнү саат 01:35 чамасында Аламүдүн районунда жайгашкан “Акимжан” кафесинде уурулук фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ууру кафенин эшигин бузуп кирип, телевизор, DVD сыяктуу техника буюмдарын жана айрым азык-түлүктөрдү көтөрүп кеткен. Атайын арыздын негизинде, укук коргоо кызматкерлеринин ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында 44 жаштагы С.Н. аттуу жаран кармалган. Тергөө маалында кылмышка шектүү жарандын туруктуу жашоочу жери жок (селсаяк) экендиги белгилүү болду.