Аламүдүн районунда 4 турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-январда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 18-февралда саат 17:40 чамасында Маевка айылындагы кардын тез эришинин кесепетинен Теңдик жаңы конушундагы турак үйлөрдүн короо-сарайларын суу каптаган. Учурда суу каптоонун кесепетин жоюу үчүн 200 даана капка кум толтурулуп, үйлөрдүн тегерегине тизилген.