Ырчы Нурзат Садыкова “Биз – кыргызбыз!” аттуу чыгармасына клип тарттырды

Ырчы Нурзат Садыкова “Биз – кыргызбыз!” аттуу чыгармасына клип тарттырды. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына 18-февралда билдирди.

Анын айтымында, "CinemArt Production" студиясы тарабынан тартылган клипте кыргыз элинин түптүү эл экени айтылган. Анда кыргыз жана кытай баатырларынын ортосундагы салгылаш орун алат. 

“Ырдын мааниси элибиз байыркы эл экенин айтып турат. Учурда кыргыз жери тууралуу ырларда суулар, табият гана көрсөтүлүп келет. Биз өзгөчөлүк киргизели деп, балбал таштарды, өз элине кызмат кылган устаны көргөздүк”,- дейт ырчы.

Кошумчалай кетсек, “Биз – кыргызбыз!” аттуу ырдын сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону Эрнис Жоошевге таандык. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан