Нарын. Учурда Нарын шаарында 4 көмүр сатуучу түйүн иштеп жатат

Нарын шаарынын мэри Батырбек Жээналиев билдиргендей, аба ырайынын кескин суук болуп кетишинен улам учурда шаардын ичинде көмүр сатуучу 4 түйүн иштеп жатат. Көмүрдүн 1 тоннасы 3000-3500 сомдон сатылууда. Ал эми шаардык жылуулук берүү ишканасы жылытуу системин жакшыртуу максатында быйыл 10 тоннадан ашык түтүкчөлөрдү сатып алып, 1,5 километрге жеткен жылуулук түтүктөрүн оңдоодон өткөрүшкөн. Белгилей кетсек, Нарын шаарында жалпы 110дой көп кабаттуу үйлөр бар, анын 81и жылуулук берүү ишканасынын жардамы менен жылытылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан