“Учкундун” 9-кабатынан боюн таштаган адам көрсөтүлгөн жардамга карабай “тынч өлүп калайынчы” деп суранган

Бүгүн, 19-февралда саат 12:00 чамасында Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Учкун” концернинин 9-кабатынан 27-30 жаштардагы жигит өз жанын кыюу максатында бой таштаган. 5-кабаттагы өткөргүчтөргө тийгени анын кулашын жеңилдеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү маалымдады.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин жана ӨКМнын кызматкерлери, ошондой эле “Учкундун” штаттык дарыгерлери келип жардам көрсөтүштү. Күбө болгон адамдардын айтымында, ал өзүнүн жанын кыюу максатында секирген. Ал жерде жатканда да “суранам, тынч өлүп калайынчы” деп суранган. 

Анын эки жаштагы баласы бар экени белгилүү болду. 

Дарыгерлер жабырлануучунун кан басымы төмөн экенин, буттары ооруп жатканынан омурткалары жабыркаган жана ичинен кан кеткен деп божомолдошууда. Ага биринчи жардам көрсөтүлүп, бейтапканага алып кетишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
koshmatov
2014-02-19 12:56:55
акыркы мезгилде озун озу олтургондор коп болуп жататко
0
aza150691
2014-02-19 12:56:58
Ажал келбесе тегерменге боюн таштаса да бир кап ун которуп тируу чыгат.
0
a.akylbekov
2014-02-19 12:59:07
ИИ башкуш буга не себеп болуптур?
0
lily27
2014-02-19 13:16:08
Эркек деп журот башка жактарда.
0
nurgiza03
2014-02-19 13:34:25
27-30 жаштагы жигит деп жазылып турат ,...
0
afina.aman
2014-02-19 13:44:46
Жараткандын берген сыноосун кечип ото албай ар кандай жолго барабыз,ээх достор бул сыноо жашоо экенин унутпайлычы,
+3
bishkek.kg
2014-02-19 13:57:02
аллахым ар бирибизге инсап бергин!
+1
only_progress
2014-02-19 15:54:16
Азыр бироого акыл айтыш кыйын. Кудайым сени сактаптыр демек жакшы жашоо алдыда. Сабырдуу бол. Бул шайтандын иши олумго жетелеген.
+1
Jamalym
2014-02-19 16:00:57
Сабырдуу бол.Балан учун жаша.Бул кундор да отот-кетет.Буйруса баары жакшы болот.
+1
Aikokul85
2014-02-19 16:18:29
Кудай озун сакта не болуп кетипжатышат.
0
deff04ka-96
2014-02-19 16:47:39
Ден соолук, бересин жараткан.
0
sezim1111
2014-02-19 22:56:29
не себеп анчалык жанынан тойгудай...
0
Bagirra
2014-02-19 23:15:11
иий байкушум десе, боорум ооруп кетти, эркек деген күчтүү болуш керекко, балким жашоодо катуу бир көңүлү ооруп акыры ушуга баргандыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан