Ахматбек Келдибеков: "Эч ким кызматынан кетире албагыдай "Кыргызгаздын" жетекчиси дүйнөнүн түркүгүбү?"

"Эч ким кызматтан кетире албагыдай "Кыргызгаздын" жетекчиси эмне, дүйнөнүн түркүгүбү?". Мындай пикирди депутат Ахматбек Келдибеков парламенттин 19-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, энергетика тармагындагы эски системди жок кылмайынча бул багытта алдыга жылыш болбойт. "Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик келишимди каалагандай бузуп салгыдай "Кыргызгаздын" жетекчиси ким өзү?" деди Келдибеков. Ошондой эле өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевден энергетикалык кризиске күнөөлүү адамдарды сөзсүз жоопко тартууну талап кылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан