Депутаттар "Кыргызгаздын" жетекчилигин отставкага кетирүүнү сунушташууда

"Кыргызгаз" ишканасынын жетекчилигин толук бойдон отставкага кетириш керек, күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктасын" деди бүгүн ЖКнын жыйынында депутат Бөдөш Мамырова. Анын айтымында, Кыргызстанда газ боюнча оор кырдаал болуп жатканда аталган ишкананын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин Москвада ЖККУнун жыйынына катышып жүрүшү туура эмес. "Урматтуу премьер-министр, сиздин сөзүңүзгө караганда, газ, свет көйгөйү боюнча эч кимди жоопко тарта албайсыз. Анткени күнөөлүү адамдар тууралуу суроо берилсе, кыйыр түрдө жооп берип, андан айланып качып жатасыз. Азыркыдай абал эч качан болгон эмес, күнөөлүүлөр тийиштүү жазасын алышы керек" деди Мамырова. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан