Бишкекте эки унаа кагылышып, жөө жүрүүчү каза тапты

Бишкекте эки унаа кагылышып, жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-февралда саат 02:00 чамасында 20 жаштагы Л.Артур Тойота Ленд Крузер унаасын айдап бара жатып Юнусалиев менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-ML-350 унаасы менен кагылышып кеткен.

Анда Мерседес-ML-350 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 21 жаштагы Т.Заурбек жөө жүрүүчүнү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 20-25 жаштагы айым окуя болгон жерде каза тапкан. Т.Заурбек ооруканага жеткирилди.

Унаалар айып төлөөчү жайга жөнөтүлүп, чогултулган материалдар Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
clever777
2014-02-19 15:50:32
Эки доо урушса байкуш чымын кырылат. кыз он гулунун бири ачыла элек экен. Жаны жаннаттан жай алсын.
+2
AshatMJ89
2014-02-19 16:04:36
Машина айдасан да, жоо журсон да коркунучтуу болуп калды го азыр
+2
mirbakg
2014-02-19 16:06:20
Орто жолдо кыз азабын тартыптыр !!!
+2
M.Lancer
2014-02-19 16:08:15
Ыйманы саламат болсун
+1
glock
2014-02-19 16:20:35
Бишкекте журуш согушта жургондой еле болуп калды вокруг один беспредел.
+2
maks83
2014-02-19 18:30:15
glock, кошулам
+1
eblk
2014-02-19 19:08:07
glock, Да ошондой эле болуп калды даже зебрадан откондон коркосун.
+1
Атасынын баласы
2014-02-19 16:31:09
Джип эмес жол тандабас унаа десек туура болчудан
+1
Akshumkar
2014-02-19 17:00:50
Биздин койчулар койлорду жакшы кайтара албай жатат.
Койчу(МАИ) Кой бул(айдоочу)
+2
algajawoo
2014-02-19 21:08:16
Маи кызматкерлерин тоготпойтда вай джип минип журсо значит аны атасы бай же апасы кыйын
0
mekusha
2014-02-20 03:38:53
Мен бир чындыкты ачыкка чыгарсам озумдо Право жок айдочунун.Бирок менин коптоон копкон дос кыздар балдарым туугандарым айдоо эрежесин окугандан качып 8000сром же 2500$ берип сатып алышкан.....ушунун баарын козомолго алышпагандыктан учун ушундай абалдар коп мен Кыргызстанга баргандан да коркуп бара жатам.Иншалла кудай сактап акыйкат качан келет кыргыз эли такыр эле болбой калдыго!!!Мен сопсуз турдо айдоо эрежесин окуп анан уунага отурам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан