“Дордой” футболдук клубунун чабуулчусу Каюмжан Шарипов армениялык “Гандзасар” клубунда кароодо жүрөт

Кыргызстан курама командасынын жана бишкектик “Дордой” футболдук клубунун чабуулчусу Каюмжан Шарипов “Гандзасар” футболдук клубунда кароодо жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда “Дордой” футболдук клубунун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Каюмжан Шарипов учурда “Гандзасар” клубунда кароодо жүрөт. Клуб мүчөлөрү азыркы тапта Түркияда машыгуу сборунда.

Кошумчалай кетсек, “Гандзасар” футболдук клубу Армениянын Жогорку Лигасында оюн көрсөтөт. Команда 2013-жылы Өлкө чемпиондугунда 3-орунду ээлеген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
muslim7
2014-02-19 17:23:24
Туркияга барбайбы?
0
adidilet
2014-02-19 17:43:13
ал контракт түздү уже
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан