Беловодск айылынан “сойкукана уюштурган” деген шек менен 56 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бир нече жума мурун милицияга Беловодск айылындагы саунада жыныстык кызмат көрсөтүп келгендер жөнүндө маалымат түшкөн. Имаратты текшерген укук коргоо органдары күн сайын түшкөн киреше тууралуу документ жана акча каражаттарын табышкан.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “сойкулук менен алектенүүчү уюкту уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалгандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, административдик протокол түзүлдү. Андан соң кыздар медициналык текшерүүдөн өтүүгө жөнөтүлдү.