Турсунбек Акун камакка алынган К.Ташиев жана Т.Мамытовду ооруканага жаткыруу керектиги тууралуу прокуратурага өтүнүч жөнөтөт. Мындай маалыматты бүгүн, 19-декабрда акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, кечээ, 18-декабрь күнү Турсунбек Акун баш прокурор Аида Салянова менен жолугуп, камакка алынган депутаттардын ден соолугунун абалы тууралуу айтып берген. Акыйкатчынын айтымында, К.Ташиев жана Т.Мамытов ашказан оорусу менен ооругандыктан, ооруканага жаткырылып, дарыланышы керек. Ошондой эле акыйкатчынын басма сөз кызматы Турсунбек Акун Аида Саляновага эки депутатты ооруканага которуу тууралуу кат жибергенин маалымдашты.