Кыргызстан Москвада өткөн ЖККУнун кезектеги жыйынында Казакстандан төрагалык милдетти өткөрүп алды. Аталган жыйын кечээ, 18-декабрда Москва шаарында башталып, бүгүн аяктады. Жыйындын аягында ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа менен президент Алмазбек Атамбаев журналситтер үчүн атайын маалымат жыйын өткөрүшүп, ЖККУнун кийинки жыйыны 2013-жылы май айында Бишкекте өтөрүн айтышты. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев жыйында бир канча керектүү чечим кабыл алынганын белгиледи.