Ош шаарында Тажикстандын жаранынан 20 килограммдан ашык маңзат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-февралда Тажикстандын жараны Б.Снын башкаруусундагы ВАЗ-2107 унаасы токтотулган. Аны текшерүүгө алышканда дөңгөлөктүн ичинен Ооганстанда жасалган 20 килограмм 536 грамм гашиш табылган. Маңзат тик бурчтуу формада ныкталган. Ар биринде “100 пайыз” деген жазуу болгон.