Депутат Жылдыз Жолдошова кесиптешинин сөзүн сынга алып, аны күнөөлүү адамдарды коргобоого чакырды

 ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков энергетикалык кризис боюнча калыс чечим кабыл алыш керектигин айтып, Казакстандын газды чектеп койгону үчүн Кыргызстандагы айрым жетекчилерди күнөөлөгөн туура эмес экенин белгиледи. Буга депутат Жылдыз Жолдошова каршы чыгып, учурдагы кырдаалга түздөн-түз өкмөт күнөөлүү экенин айтты. "Кыргызгаз" ишканасы менен Энергетика министрлиги күнөөлүү эмес" деген сөздөр айтылды. Ойлоп сүйлөйлү, газ менен светтин өчүп жатканы жалганбы? Ондогон адамдардын сууктан каза болуп жатканы же Бишкектин көчөлөрү кардан тазаланбай жатканы жалганбы? Мейли, өкмөт башчыга мүмкүнчүлүк берели, өзү бир айдын ичинде бул маселени карап чыгып, тиешелүү жетекчилерди кызматтан алсын. Эгер кызматтан ала албаса, анда премьер-министрдин өзүнүн отставкасын караганга туура келет" деди Жолдошова. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан