Бүгүн, 20-февралда Ош шаардык мэриясынын имаратына КРнын Маданият жана туризм министри Султан Раев келип, 2014-жыл КМШ өлкөлөрүндө Ош шаары маданий борбор болуп жарыялангандыгын айтты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Гүлзина Аманова билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл ичинде аткарылчу маданий иш-чаралардын программасы бекитилди. Мындан сырткары Ош шаарында скульптура паркын түзүү жана 27-май күнү КМШ өлкөлөрүнүн маданий өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чара өтөрү айтылды.