Сокулукта “эгер акча бербесең, балаңа тиешелүү көңүл бурулбайт” деп пара талап кылган төрөт үйүнүн башчысы кармалды

Сокулук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүн башчысы пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Ал жаңы төрөлгөн баланы жакшы караш үчүн энесинен 1000 доллар акча сурап, “эгер акча таап бербесең, балаңа тиешелүү көңүл бурулбайт” деп коркуткан. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 20 миң сом пара алып жаткан жеринен 19-февралда кармалган. Учурда бул факты боюнча “пара талап кылуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Сокулукта “эгер акча бербесең, балаңа тиешелүү көңүл бурулбайт” деп пара талап кылган төрөт үйүнүн башчысы кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aitowa11
2014-02-20 16:06:19
Тан калбай эле койсок болот. Азыр ар бир роддомдо ушундай болуп калган. Бул кармалганы,кармалбаганы канча
+1
bishkek.kg
2014-02-20 17:30:03
ушундайлар бара бара жарыкка чыгып калса азайып калат кудай сатассын
0
Mirbek.83
2014-02-20 16:09:29
Медицина кызматында паракорчулук тутоп жатат министрден баштап акыркы пол жууган хоккейсида акча талап кылат кудай сактасын больницадан.
+1
Sonun90
2014-02-20 16:16:24
Ушу медиктер акча талап кылбаса деле болот. Итак баарыбыз дарыланабызбы, торойбузбу акчаны ар бирине карматабыз жакшы карасын деп. Чыгып баратканда дагы карматабыз. Албетте колубузда бар болсо кобуроок, жок болсо азыраак. Эн кейиштуусу коп суммалаган акчаны уялбай Бетти сыйрып коюп врачтар талап кылганы да. Болницага жатып жатпай атып маалыамат алабыз бул КАНДАЙ карайт. Канча алат деп. Уят эле баркынарды кетирип ак халатчандар
0
hakker
2014-02-20 16:18:07
10-15 жылга камаш керек ошондо токтойт--коррупция.Оор кылмышка--олум жазасын беруу керек.Биздин мыйзамдар--ото гумандуу.Ушул аял сотко акча берип,кайра эле ушул кызматка келбесе--атымды башка коем же нигимди озгортом.
+3
aylun
2014-02-20 16:18:14
из-за них я потеряла ребенка((( билгем ушундайларын, акча дегенде жанын саткан жан алгычтар.
0
Dasmond
2014-02-20 16:20:15
Аркимдин'озуно'жараша'кылыш'керек!
0
Nelli85
2014-02-20 16:39:10
Акча дей берип эмне болот экенсинер....... Тооба
0
kapo1
2014-02-20 17:26:04
кыргызстанда корупция азайбай кайра онугуп жаткандай,ото кейиштуу.жаны туулган баланын устунон акча алуу,ал врач ошол арам тамакты кантип жейт.алла озу ынсап бербесе кыйын.
0
maks83
2014-02-20 19:50:33
корупсияны укканда тан калбай эле ии деп калдык отто каттуу онуккон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан