Москва районунун Садовое айылында айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти

Москва районунун Садовое айылында айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Жабырлануучу денесинен ар кандай жарааттарды алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 17-февраль күнү саат 19:20 чамасында катталган. 29 жаштагы айдоочу жеңил унаасы менен айыл тургунун сүзүп алган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан