Камакка алынган Учкунбек Ташбаев диссертация жазуу үчүн ноутбук колдонууга уруксат суроодо

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаев диссертация жазуу үчүн камакта ноутбук колдонууга уруксат суроодо. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. Акыйкатчы Турсунбек Акун Учкунбек Ташбаевге жолугуп, камактагы жашоо шарты менен таанышып келгенин жана эч кандай доосу жок экенин айтты. "Болгону Учкунбек Ташбаевге диссертация жазуу үчүн ноутбук керек экен" деди Турсунбек Акун. Бирок УМККдан маалым болгондой, мыйзамга ылайык камактагы жаран уюлдук телефон жана компьютер менен колдонгонго тыюу салынат. Эске салсак, У.Ташбаевге Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 304-берене (лицензия берүүдө кызмат абалын мыйзамсыз колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УМККнын убактылуу кармоочу жайына 3-декабрь күнү  2013-жылдын 30-январына чейин камакка алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан